www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров айрым кылмыштарга мунапыс берүүнү жокко чыгарган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитинин 8-апрелдеги санына жарыяланды.
Өлкө башчы «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясына 4-апрелде кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-мартта кабыл алынган.
Ага ылайык, төмөнкү кылмыштар жасалган учурда мунапыс берилбейт:
террордук ишти каржылоо;
террордук иштерди жүргүзүүгө карата ачык чакырыктар;
уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо;
куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
диверсия.