www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков темир жол кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатып берди.
Мындай маалымат ишкананын расмий сайтына 6-апрелде жарыяланды.
Пандемия шартында азык-түлүккө, медициналык каражаттарга болгон баа жогорулап, жумушсуздук күчөдү. Муну эске алып, “Кыргыз темир жолу” ишканасы 5 миңден ашык кызматкердин айлыгын жогорулатуу чечимин кабыл алган.
Маалыматка караганда, 1-апрелден тарта учурдагы бир сааттык эмгек акы 5 пайызга көтөрүлгөн.
Жакында эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков кызматынан бошотулганы айтылган. Бул маалыматты Транспорт министрлигинин маалымат кызматы тастыктап, Дашков премьер-министр Улукбек Мариповдун 26-марттагы буйругу менен иштен кеткенин билдирген.
Ишкананын маалымат кызматы 30-мартта бул билдирүүнү төгүндөгөн болчу.
Булак: NazarNews.kg