www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкектин Жеңиш аянтындагы «Өчпөс отту» өчүрүүгө аракет кылган жигиттерди кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Социалдык тармактарда Бишкектин борборунда «Өчпөс отту» өчүргөн балдардын видеосу тараган. Анда белгисиз эки жигит ТикТок тармагына видео тартып, өчпөс отту өчүрүүгө аракет кылышкан.
Бул жосун коомчулукта сынга кабылды.
Бишкек боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 2003-жылы туулган Н.у.А. аттуу жаранды табышып, Свердлов райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Ал кылыгын мойнуна алып, «хайп» үчүн жасагандыгын айтып, коомчулуктан кечирим сураган.
Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө.
Жеңиш аянтындагы «Өчпөс от» Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине арналып орнотулган.
Булак: NazarNews.kg