www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Дастан Далабаевич, сиз “КР Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду, депутаттарды каттоодон өткөрүүнүн жана добуш берүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүүнү сунуштап жаткан экенсиз. Ал кандай ыкма?

- Азыр бизде каттоо жеңил. Каалаган депутат, же анын жардамчысы келип, кимдир-бирөө үчүн катталып койсо болот. Биз ошол практиканы жоёлу. Себеби, Конституцияда “ар бир депутат өзү добуш бериши керек” деп так жазылган.

Ошондуктан, мен “каттоо биометрикалык негизде, манжаны коюу менен же депутаттын жүзүн көрсөтүү аркылуу жүргүзүлсүн” деп сунуштап жатам. Техникалык жагынан бу оңой эле.

- Бирок, ал нерсе каражатты талап кылат да?

- Туура, каражат талап кылынат.

Бирок, мындай маселеде биз акчаны аябашыбыз керек. Себеби, кээде депутаттар аз болсо дагы добуш берилип, мыйзамдар кабыл алынып жатат. Ошонун айынан конституциялык мыйзамдар өтүп кеткен учурлар бар. Бул жакшы көрүнүш эмес.

Депутат болуп шайландыбы, ар ким өз милдетин аткарышы керек да. Келип, кеңешмеге катышып, добушун берсин. Кабыл алынган мыйзамдар сизге, мага, жалпы жарандарга тийиштүү болуп атпайбы. Андыктан, бир аз каражат сарпталса эчтеке болбойт. Ошондо деле жүз миң, же миллион доллар кетпейт. Аз эле акча керектелет.

- Балким, башка механизмин караш керектир? Мисалы, акчалай айып салып, депутаттык мандатынан ажыратып...

- Он жолу отурумга келбесе, андай депутат мандатынан ажырашы керек. Бирок, азыркыдай каттоо менен депутат жумушка келген-келбегенин аныктай албайбыз. Себеби, компьютери каттоодон өттүбү, демек, ал жумушка келген, залда отурган болуп эсептелет. А эгер жанагындай механизм киргизилчү болсо, биз келген-келбегенин так билебиз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости