www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура тарабынан республиканын аймагына алынып келинген транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоонун мыйзамдуулугу текшерилди.

Башкы прокуратура билдиргендей, текшерүү учурунда бажы органдарынын кызмат адамдары транспорт каражаттарын ташыган тараптар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, 2019-жылы өлкө аймагына алынып келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтер менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөндүгү аныкталган.

Мындан улам улам республиканын бюджетине 170 млн сомдон ашуун зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иши Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости