www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Бир суткада 3 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 412 адамдан коронавирус аныкталып, 511 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 242;

Ош шаары – 2;

Чүй облусу – 91;

Ош облусу – 9;

Талас облусу – 5;

Нарын облусу – 2;

Ысык-Көл облусу – 12;

Жалал-Абад облусу – 37;

Баткен облусу – 12.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 196 232ге жетти. Анын ичинен 184 028 адам дартты жеңген.

"Тилекке каршы, кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкек шаарында катталса, бирөө Чүй облусунан", — деп билдиришти штабдан.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 139 бейтап стационардык дарыланууда болсо, 6 709 адам медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда. Ооруканадагылардын ичинен 62 бейтаптын абалы өтө оор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости