www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажик спортчулары Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катышпайт. Бийлик тажик атлеттери Олимпиадага жолдомо ала албай калышканын билдирди.
Кытай ТИМинин расмий өкүлү Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Эл аралык Олимпиада комитетинде Олимп оюндарынын расмий коногу катары каттоодон өткөн. Ал эми Рахмондун Бээжинге барар-барбасы азырынча арсар болууда.
Тажикстан Улуттук Олимпиада комитетинин кабарлашынча, тажик спортчулары Бахриддин Гоибов менен Сайдашраф Эшонов тоо чаңгысы боюнча жолдомо утууга аракет жасашкан. Бирок пандемияга байланыштуу Пакистан жана Ирандагы квалификациялык мелдештер болбой калып, алар электен өтпөй калышкан.
Тажикстан спортчулары 2018-жылы Пхенчханда (Түштүк Корея) өткөн кышкы Олимпияда оюндарына да катышкан эмес.
Белгилей кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Бээжинде 4-20-февраль аралыгында өтөт.
Президент Садыр Жапаров 3-5-февралга белгиленген Кытайга сапарынын алкагында Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Булак: NazarNews.kg