www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешев Бернд Фабрициус менен жолугушту

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Дастан Бекешев Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн көчүп келгендер жана улуттук азчылыктардын маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бернд Фабрициус менен жолугушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, депутат Эдита Тайгараева, «Кыргыз Республикасындагы немистердин Элдик кеңеши» коомдук бирикмесинин жетекчиси Валерий Диль, ошондой эле Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард катышты.

Дастан Бекешев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы байланыштар акыркы жылдары кыйла жанданганын белгилеп, ага эки тараптуу кызматташтыктын алкагындагы расмий делегациялардын иш сапарлары жана биргелешкен экономикалык форумдар сыяктуу бир катар маанилүү иш-чараларды мисал кылды.

Тагыраагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын Германия Федеративдүү Республикасына жасаган расмий сапарларын эске салып: «Акыркы мезгилдерде мамлекеттерибиздин ортосундагы саясий диалогдун динамикасы жигердүү мүнөзгө ээ болуп, өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө жана ар кыл багыттар боюнча узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экендигин айгинелеп турат», - деди Дастан Бекешев.

Ал эми Бернд Фабрициус өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берип, эки өлкөнүн парламенттери саясий диалогду чыңдоодо, өнөктөштүктү кеңейтүүдө жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын, ошондой эле гуманитардык, маданий жана социалдык-экономикалык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечегин да талкуулашты.

Последние новости