www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Сооронбай Жээнбековду артыкчылыктардан ажыратыш керек. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев сунуш киргизди.

Анын айтымында, «КР президентинин иши жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр Сооронбай Жээнбековго да тиешелүү болушу керек.

«Ооба, мыйзамдын артка күчү жок, бирок биз Сооронбай Жээнбековго байланыштуу маселени карашыбыз керек. 2019-жылы ал өзү Жогорку Соттун Конституциялык палатасына кайрылып, парламент аркылуу Алмазбек Атамбаевди өлкөнүн экс-президенти макамынан ажыраткан. Бул өч алуу болчу. Жашоо бул бумеранг. Бул башка мамлекет башчыларына да сабак болушу керек. Анан парламентке кысым көрсөтүшүп, коркутуп-үркүтүштү. Бул жерде Дастан Жумабеков (ред. парламенттин мурдагы спикери) отурат, өзү билет. Ал эми 2020-жылдын октябрында кандайча кызматтан кеткенин билбейбиз. Балким, ал өзүнүн “экс” статусун сактап калууну суранган. Балким азыркы бийликтин кандайдыр бир милдеттери бардыр. Садыр Нургожоевич эч кандай милдеттенмелерге байланбашы керек”, - дейт Дастан Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости