www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-класстын окуучусу классташын бычак менен жарадар кылды

Нижневартовск шаарында мектеп окуучусу башка окуучу менен жаңжалдашып, аны бычак менен жарадар кылган. Бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 6-декабрда шаардык мэрия Telegram-каналына билдирди.

Каргашалуу окуя 6-декабрь күнү эртең менен 8-класстын окуучуларынын ортосунда болгон.

«Жабырлануучу оор абалда медициналык мекемеге жеткирилди, дарыгерлер анын ден соолугу үчүн күрөшүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат. Окуянын себептери жана жагдайлары такталууда.

Эске салсак, 13-октябрда Симферополь шаарындагы №21 мектепте 11-класстын окуучусу теңтушуна бир нече жолу бычак сайган. Жабырлануучу дагы 11-класста окуйт, ооруканага жаткырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости