www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешев:

5-май Конституция күнү президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коёт. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

--"Конституция расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Өкмөт отставкага кетет. Президент министрлер кабинетинин төрагасын жана өкмөт мүчөлөрүн милдетин аткаруучу деген статус менен парламенттик шайлоого чейин дайындайт. Бул конституция көбүрөөк президенттин өзүнө эле көйгөйлөрдү жаратат. Өкмөттүн ар кандай катачылыгы үчүн биз президентти урушабыз. Курулуп бүтө элек мектеп же жол үчүн президент жооп берет", - деди ал.

Эске салсак, Конституциянын жаңы редакциясына  шайлоочулардын 79,3% макул, 13,7%  каршы добуш берген. Шайлоочулардын саны жалпы шайлоочулардын 36,6%ын түзгөн эле.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости