www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги кыйроолорго байланыштуу дирекция уюштуруп, ага Райымбек Матраимовду башчы кылуу керек. Мындай пикирди белгилүү  саясатчы Эмилбек Каптагаев Facebook баракчасына жазды. 

--“2-3 жылдан бери Райымбек Матраимов жөнүндө айтылбаган сөз, коюлбаган талап, берилбеген убада калбады көрүнөт... Акыры келип "атып сала тургандай күнөөсү жок экен" - дегенге токтодук. Аны жактагандар тарабынан мыкты уюштургуч, жакшы менеджер дегендей сыпаттамалар көп айтылды.

Ошондуктан Баткендеги кыйроолорду калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам уюштуруу боюнча атайын Дирекция уюштуруп, ага Матраимовду башчы кылуу туура болобу дейм. Биринчиден, чынында эле колунан иш келген адам болсо анысын далилдейт, ишти уюштурат, ошону менен коом алдында өзүн реабилитациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Экинчиден, курсагы ток деп атышат, ошондуктан жардамга жыйналган жана атайын казынадан бөлүнгөн акча-каражатына кол салып жибербейт, 2010-жылдагы Ош тарапты калыбына келтирүүдөгүдөй терс көрүнүштөр кайталанбайт. Үчүнчүдөн, өзү дагы каржы топтоого жакшы эле салым кошобу деп ойлойм, дос-тамырларын, бизнес өнөктөштөрүн тартып.

Менин оюмча аны башка-көзгө койгулап, билгенибиз деле, билбегенибиз деле күнөөлөй бергендин ордуна бул беш күндүк жашоодо Матраимовго бир чоң ШАНС бергенибиз туура болот го дейм. Анын үстүнө жыйналып жаткан жардамдарды, болгон каржы булактарын жана башка ресурстарды бир жерге топтоп, бир нукка буруп, иштерди бир жерден уюштурбаса болбойт. Бул менин жеке пикирим”, - деп жазган Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости