www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер 40 күндүк эксперименттен көз жумду

Россиялык 40 жаштагы блогер Виталий Выграновский Абхазияда көз жумду. Ал эксперимент үчүн 40 күн бою ачка жүргөн.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, ачкачылыкты март айында Москва шаарында баштаган. Ага чейин 40 күн бою тамак-аш жана суу ичпестен жашап көрүүнү көптөн бери каалап жүргөнүн айткан болчу.

Ачкачылыктын 10-күнүндө блогер өзүн жаман сезип баштаган. Москва шаарынын атмосферасы жакпай баштагандыктан Абхазияга жер которгон. Ал эми 20-күнү Выграновский тазаланып калганын сезип жатканын, арыктаганын жана физикалык күчү жоктугун айткан болчу.

Ачкачылыктын 35-күнүндө абалы оор экенин билсе дагы экспериментин токтоткон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости