www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент 5-майда Кыргызстандын элине кайрылуу жасайт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эртең, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Башталышы саат 10:00дө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости