www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Орусияда жаңы мыйзамдын күчүнө кириши кыргызстандык мигранттарды бир топ түйшүккө салганын айтып чыгышты. Бул багытта өлкөнүн кызыкчылыгын коргобогону үчүн ЕАЭБде отурган кыргыз министрлерин сынга алышты.

Эл өкүлү Дастан Бекешев медициналык кароонун акысы 6000 миң сом болорун, текшерилүү үчүн миңдеген адам кезек күтүп отурганын билдирди.

"Квартал сайын медициналык кароодон өтүш керек экен. Урматтуу төрага, жакында Орусияга иш сапарга бара жатасыз, ушул маселени көтөрсөңүз жакшы болот эле. Мамлекет башчы дагы Орусиянын президентине кайрылып ачык эле айтыш керек. Мигранттар таптакыр эле кетиш керекпи же кандай болот? Болбосо кош жарандуулук боюнча макулдашуу түзөлү. Азыр мекендештер кичине эле мыйзамды бузса да кара тизмеге кирип калат экен", — деди Бекешев.

Ал эми Бакыт Төрөбаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенде товар жүгүртүү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү жаатында төрт эркиндик алганын эске салды.

Эске сала кетсек, узаган жылдын 29-декабрында Орусияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоодон өтүү жана сүрөткө тартуу талабы коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости