www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан кийин кайсы жерге мектеп куруу керектигин Билим берүү жана илим министрлиги чечет. Бул тууралуу министр кызматына талапкер Алмазбек Бейшеналиев парламентте билдирди.
"Кызматка кайра келип жатканда президент жана министрлер кабинетинин төрагасы менен болгон жолугушууда ушул маселеге экөө тең токтолду. "Мындан кийин министрлик кайсы жер мектепке муктаж десе ошолор биринчи бүткөрүлөт" деген сөздөрүн айтышты", — деди Бейшеналиев.
Депутат Нурбек Алимбеков бул демилгени кубаттап, кээ бир мектептер түштөн кийин бош калса, башка жерде бир класста 40-45 бала үч смена менен окуп жатканын айтты.
Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев буга чейин да билим берүү жана илим министри болуп иштеген. Кийин Швейцарияга элчи болуп дайындалып, ордуна Болотбек Купешов келген. 14-февраль күнү президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулуп, Бейшеналиев министрдин милдетин аткарып калган.
Булак: NazarNews.kg