www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешев: «Онлайн окуу эч натыйжа берген жок»

Депутат Дастан Бекешев мектептерди ачуу маселесин көтөрдү. Ал Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында «ар кандай маселелер саатында» окууну стандарт режимге өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Депутат азыркы күндө мектептерден тышкары, бардык коомдук жайлар иштеп жатканын ачык айтуу керектигин, бирок мектептердин иштөөсүнө уруксат бербегендик логикага туура келбей турганын айтууда.

«Көп эле ата-энелер кайрылып жатышат, азыр айырма жок болуп калды деп жатышат. Онлайн окутуу таптакыр болбой жатат, бир топ нааразылыктар бар. Биз мындай бара берсек, балдарыбыз билимсиз болуп калат. Ата-энелер да жумушка бара албай кыйналышты. Бизде карантин болбой калганын ачык эле айтыш керек да, бардык жерде массалык чогулуулар болуп жатпайбы», — деди Бекешев.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги 11-ноябрдан тарта 1500дөй мектептин 1-6-9-11-класстарына реалдуу режимде окууга уруксат берген. Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан, онлайн окуу улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости