www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ооруканалардын жетекчилеринен дары-дармек, медициналык каражаттар убагында жеткирилбей таңкыстык болуп жатканы тууралуу арыз-даттануулар түшүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 19-мартта Телеграмдагы каналында айтты.

Кыргызстандын айрым аймактарындагы ооруканаларда дары-дармектин камы түгөнүп жатканы тууралуу маселе 15-мартт да көтөрүлгөн.

Бейтапканаларда дары жана башка медициналык каражаттар тартыш болуп жатканы тууралуу Бишкектеги, Баткендеги жана Оштогу ооруканаларда иштеген дарыгерлер билдиришип, бирок коопсуздугунан улам аты-жөнүн ачык айтышкан эмес.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул маалыматтарды четке кагып, өлкөдөгү 290 оорукананын баары дары-дармек менен 100% камсыздалганын айткан.

Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими 2023-жылы кабыл алынып, “Кыргызфармация” ишканасы түзүлгөн. Ал мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. Буга чейин ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.

Февралдын башында өлкө аймагында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын саны 61ге жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости