www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт электр кубатынын тарифин мурда айтылган убакыттан бир ай эрте көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул боюнча токтомдун долбоору Ченемдик-укуктук актылар долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылган.

Тарифтерди жөндөө мурда июндан тарта башталары айтылса, азыр аны май айынан баштоону сунуштап жатышат.

Министрлер кабинети бул кадам "электр энергиясынын тартыштыгынын шартында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, энергия менен жабдуучу ишканалардын чыгымынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында" жасалып жатканын айтты.

Азырынча электр кубатынын баасы канчага көтөрүлөрү айтылган эмес, бирок токтом долбоорунда 2025-жылга чейинки баа инфляцияга жараша өзгөрөрү белгиленген.

Эске салсак, былтыр 1-майдан тарта тариф эл үчүн 77 тыйындан 1 сомго чыккан. Эгерде 700 киловатт-саат жагылса мурдагы калыбында — 2,16 сом тейде калган. Энергетиктер анткен менен тариф жыл сайын көтөрүлөрүн айтышкан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости