www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин — Россия президенти, АКШ ушул реалдуулукка карап иш кылат. Бул тууралуу америкалык өлкө башчынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Саливан айтканын РИА Новости жазды.

Маалыматта мындай билдирүүсү менен ал АКШ администрациясынын шайлоодон кийин РФ лидеринин легитимдүүлүгүн таануудан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарганы айтылат.

"Путин Россиянын президенти экени бүгүнкү күндүн чындыгы. Украина боюнча маселеде биз ушул реалдуулуктун алкагында иштөөгө аргасызбыз, иштей беребиз. Бирок бул реалдуулук Россиядагы шайлоо эркиндиктин жана демократиянын критерийлерине жооп берген жок деген оюбуздан кайттырбайт", — деген Салливан Ак үйдөгү брифингде.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков дүйшөмбү күнү Кремль АКШнын Россиядагы шайлоо ачык-айкын болгон жок деген пикирине караманча каршы экенин, мындай билдирүү Украинадагы жаңжалга катыштыгы бар мамлекеттен айтылганы күтүлгөн реакция экенин билдирген эле. Анын айтымында, бул — Россия кабыл ала турган маанилүү пикир эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости