www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев эл өкүлдөрүн суракка чакырууга тыюу салууну сунуштады. 

Ал ошондой эле, азыр "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кароодо турганын белгиледи.

"Урматтуу депутаттар, бул документте биз бир канча нерсени белгилешибиз керек: өлкөдөн чыгуу жана кирүү, суракка чакырууларды. Негизи, бул депутаттын укугуна каршы келет. Ошондуктан биз бул мыйзам долбооруна тыюу салышыбыз керек. Сураныч, депутаттар, аны иштеп чыгууга активдүү катышып, идеяларды сунуштаңыздар.

Азыр Кылмыш-процессуалдык кодекс "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдан жогору турат. Ошондуктан алар мындан пайдаланып, суракка чакырып жатышат. Азыр прокуратура депуттарга тийишпей, жарандардын маселелерин чечсе жакшы болот", - деди Бекешев.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылган. Буга чейин аталган эки депутат прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.

Бүгүн, 1-декабрда, Атазов менен Токторбаев парламент жыйынында Башкы прокуратурага суракка чакырылышы боюнча комментарий беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости