www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынбек Сулаймановго кылмыш иши даярдалганы каңкууланды

Ысык-Көл облусунун губернаторлугунан Алтынбек Сулайманов бийлик менен келише албай, күтүүсүз түрдө арыз жазуу менен кеткен. Аткаруу кызматын уяткарып, мындай шартта реформа жүрбөсүнө көзү жеткенин, көп кемчиликтер бар экенинда шардана кылган эле.

Төбөсүндөгү кара булутту сезип, алдыртан баса бергени - саясый жүрүшү аркылуу бийликти ыңгайсыздыкка калтырганы да. Орто жерден суракка алындыбы, же жашыруун "разборкага" кабылдыбы, айтор, лөктөр тарабынан кысым жаралгандай жел жүргөн. Көп өтпөй Америкага учуп кеткени маалым...

А соңку убакта эмне болууда? Узун кулактар маалымдагандай, орган кызматкерлери Алтынбек Сулаймановго карата компромат издешип, студент кезинен берки баскан жолун казышып, учурда кылмыш ишин даярдап коюшканы, «кыңк» этсе эле алып чыгышарын эшиттик. Ушундай.

Бийлик короосундагы өздүк булактар эле билдирүүдө. Ал эми кандай кылмыш иши даярдалганын мезгил көрсөтөт, же ойдон токулган карөзгөйлүк катары сыпатталабы? Албетте, азырынча собол таштай туралы.

Булак: Азия News гезити

Последние новости