www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик элге бирди айтып, анан теңирден тескери иш жасап жатканыңар уят! Мындай пикирин Акил Адамалиев билдирди.

"Энергетика министри Таалайбек Ибраев азыр Жапонияда жүрөт. Жүргөнүнө эч ким каршы эмес, бирок калпына биз каршы болуп турабыз. Министр болоордо бийик трибунадан “быйылкы кышта электр энергиясын берүүгө чектөөлөр болбойт” деп кыргыз элине жар салды эле. Бирок "мактаган кыз тойдо осурат" болуп, жакындан бери свет эртең менен-кечинде өчө баштады.

Көрсө, бийлик электр энергиясын берүүгө чектөө киргизиптир. Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков "электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет. Эртең менен саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясы эң көп өлчөмдө колдонулгандыктан, мындай чектөөлөр киргизилет” деп парламентте маалымат берди.

Айланайын бийлик! Эч качан элге калп айтпагыла! Светтин күчү аз болуп жатканын элге ачык айтып, алдын ара кабарлап, анан маал-маалы менен өчүргүлө да. Эч кабар жок эле свет өчүп калганда жалдырап олтуруп калып жатабыз. Шам сатып алалы, керосин лампаларды кайра алып чыгалы. Же мурдагы президент Бакиевдей “тезек камдагыла” деп ачык айткыла.

Башаламан заман качан кетээр экен? Совет учурунда акын Медетбек Сейталиев айткандай “кылган иши айтканына дал келбей, моралдардын чирип бара жатканы” дегендей, бийлик элге бирди айтып, анан теңирден тескери иш жасап жатканыңар уят!", - деди Адамалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости