www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунда талкаланган үйлөрүн куруп бергенден кийинки актуалдуу маселе насыя болуп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, ал Лейлек районунун тургундары менен жолугуп, анда айыл тургундары бүгүнкү күндө каржы уюмдарынан алган насыяларын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтышкан.
"Чек ара аймагындагы Жаштык, Достук, Арка, Борбордук айылдарында 400гө жакын жарандын насыясы бар. Жалпы суммасы 40 миллион сомдон ашат. Мындан улам ал министрлер кабинетине кайрылды.
Банктарга тапшырма берип кредитинин баарын жойдуруп берсеңиздер. Аларга каникул коюп берген учурда деле азыр эч кандай ишмердүүлүк жүргүзө алышпайт. Аймак калыбына келген жок. Ошондуктан кредитине каникул бербей баарын жоюп салсын. Банктарга кайрылсак жалгыз чечим кабыл ала албай жатышат. Ошондуктан өкмөттөн тапшырма керек. Бардык нерсе тонолгон, күйгөн, кыш келип калды, элдин кирешеси жок. Ошондуктан, жалпы жоюп салууну суранам", — деди Темирбаева.
Булак: NazarNews.kg