www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" деген кеп бар. Азыр мунун минтип которуп алышыптыр: "Оозу кыйшык болсо да, бийликти колдогондор сүйлөсүн" деп. Ушундай "оозу кыйшыктардын" бири, аксымдыктын туу чокусуна жетеленген Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага суракка барып келди. Токторбаев күбө катары суракка чакырылды. Анткени, аны Башкы прокуратурага чакырып койбосо окшошпой калбайбы. Калп болсо да күбө катары ал жакка чакырымыш болуп койбосо бовойт, да. Бирок ай асмандан секирген аксым депутат бул жерден да өз шоусун көрсөтүп, ал парламенттин жыйынында прокуратурада коррупция күч алганын билдирип, "тергөө прокуратурага кошулгандан кийин алар "монстрга" айланды" - деп ач-айкырыкты салды. Артында үлкөн адамдар турган Токторбаевге Башкы прокуратура кеппи? Керек болсо Башкы прокуратураны Курманкул Зулушев менен кошуп көңтөрүп кетпейби.
Депутат Жеңишбек Токторбаев 30-ноябрда Башкы прокуратурага суракка чакырылышы боюнча 2022-жылдын 1-декабрында парламент жыйынында комментарий берди: "Биз эмне кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем. Артымда элим бар. Баш прокурордун кечээки кадамы туура эмес болду. Кесиптешим Шайлообек Атазов экөөбүз Баш прокурорго асылдыкпы? Биз элдин муңун гана жеткиздик. Унчукпай, балык депутат болуп отура берелиби?", - деди депутат.
30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылган. Буга чейин аталган эки депутат прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.
Анын оюу ар кимдин тукуруусу менен экс-президент Сооронбай Жээнбековду компромат жыйнап, айрым артыкчылыктарынан ажыратуу болгон. Мындай демилгени депутат Жеңиш Токторбаев көтөрүп, "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга алып келген.
Токторбаев мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга багытталарын белгилеген. Документке ылайык, экс-президенттерди төмөндөгүдөй артыкчылыктардан ажыратуу сунушталууда:
Азыркы мыйзам боюнча экс-президент макамына ээ болгондор жогорудагылардын барын пайдаланууга укуктуу. Ал эми депутат сунуштаган мыйзам долбоорунда бир гана пенсия жана маяна өзгөртүүсүз калган. Анын өлчөмү президенттин айлыгынын 75 пайызына барабар.
Ичи кантала болуп эзилип турган ичи тар Токторбаев эгер анын статусун алып койсо оңуп кетет беле. Жээнбековго эмне бул статусу жок деле күн көрөт, бирок жалпы эл биримдикте аны президент кылып шайлабады беле?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg