www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев бийликтин өкүлдөрүнө чукул кайрылуу жасады. 

Төмөндө кайрылуунун тексти толугу менен: 

Саламатсыздарбы урматтуу депутаттар!

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Силер камакта жатканда тилектеш катары суугуңарга тоңуп, ысыгыңарга күйүп колдоп жүргөндө азыркы тегерегиңерде жүргөн пахтакорлор силерди соттогон, соттогон эле эмес башка нерселерди да алган.

Урматтуу Нурлан Тургунбекович!

Биз эмне кылмышкербизби?! Элдин 11 000 миң добушун алып, эл тарабынан шайланып келген депутатпыз. Элдин үнүн тиешелүү жерге жеткирүүгө, мүдөөсүн аткарууга милдеттүүбүз жана элдик трибунадан кайрылганга укуктуубуз. Кечээки окуясы акылга сыйгыс мыйзамга туура келбеген кадам болду. Кесиптешим Шайлообек Карыбекович менен башкы прокурордун өзүнө эмес ишине сын айтып элдин үнүн жеткирдик. Аныда жасабай балык депутатка айланып отурушубуз керек беле?! Бул маселени карап чара көрүңүз!

Урматтуу өкмөттүн өкүлү Алмас Акунжанович!

Сизге бир нече жолу протоколдук тапшырма берип жообун алалбай жатканымды айткам, бүгүнда айтам. Биздин башкы прокурорубуз менен Жээнбековтордун кандай байланыштагы мамилеси бар экенин билбейм бирок кечээ Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айтып чыккандан кийин ушундай баш аламандык башталды.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Асылбек Жээнбековко кошуп Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Жакшылыгын көргөн адам жамандыгын кошо көрүүсү керек деп эсептейм. Эгерде Башкы прокурор дагы ушуларды коргоп чара көрбөсө анда айта турган башка сөздөрүм бар! - деп жазылган депутаттын Кайрылуусунда.

Эске сала кетсек, Токторбаев буга чейин өзүнүн соцтармактагы баракчасына: 

Урматтуу кыргыз элим!

Мен кечээ ушул трибунадан жарандардын кайрылуусу боюнча прокуратура тармагында коррупция күч алып, монстрага айланганын Жээнбеков менен Зулпукаровдун кылмыш иши боюнча бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык чыкпай жаткандыгын айткам. Бул чындык!

Түштөн кийин Башкы прокурордун биринчи орун басары чалып, келип берүүмдү айткан. Жогорку Кеңештин жыйынына катышып жаткандыктан баралбасымды билдирген соң эки кызматкери повестка менен келип, Башкы прокуратурада 3,5 саат сурак берип чыктым.

Мени мындай жолдор менен коркутуп токтото албайсыңар. Мен сенден эмес Жараткандан жана эл алдында берген антымдан гана корком! Кимдин-ким экенин, кайсыл жактан, кантип дем алганын өтө жакшы билем. Мындай иш аракеттердин арты жакшылыкка жеткирбесин эскертем.

Өткөн күндөргө сарасеп салып, бүгүн ким экениңди унутпоо үчүн Шералынын чокоюн төрүңө илип кой. Бул бүгүн башкы прокурор болсоң эртең адвокат болуп калбашыңа жардам берет.

Андан сырткары кечээ сурактан соң жеке баракчам аркылуу элге кайрылган билдирүүлөрүмдү жана жүргүзгөн ишмердүүлүгүмдү өчүрүп койсоңор эле эл көрбөй же укпай калбайт! Муну айтылган сындын чындык экенин моюндадыңар деп билдим. Сенин бар дараметиң, жеткен деңгээлин ушул экенин дагы бир жолу далилдедиң.

Мен элдин өтүнүчүн, кайрылуусун эл өкүлү катары аткарууга милдеттүүмүн деп билем. Эл тарабынан элдин укугун коргоо үчүн шайланып келгенмин. Элдин үнүн мен аркылуу мындай ыплас жолдор менен токтотобуз дешиңер мүмкүн бирок элдин оозун жаап токтото албайсыңар! Сөзүмдүн аягында эсиң барда этегиңди жый деген кыргыздын улуу сөзү менен аятагым келди, деп жазып калтырган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости