www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күн бою курултай өтпөдүбү, баарыбыз көрдүк. Ар кандай маанидеги баалар берилүүдө. Элдин бугу ичинде катылып келе жатканын баамдадык. Эми бул жагынан талдоо кылып, мактоого ала албайбыз, сөз көбөйөт. Ансыз да кошоматчылар кооздоп бүтө албай жатышат...

А эң кызыгы, курултайдын биринчи күнү аяктап, делегаттар ресторандан тамактанышып, андан соң мейманканаларга жатышканда кызыктын баары башталыптыр.

Ар аймактан келишкен аксакал-көксакалдардын айрымдары алагүү тартышып, ичтери ысыганда бири-бирине сөз ыргытышып, жаакташканга чейин барышып, мушташа кетишерде ажыратышып, айтор, кызык оюн салышыптыр. Айла кеткенде милиция кайтарууга алганы, көчөгө бастырбай түнкүсүн жаткан жерлеринде эс алдырышып, араң карап кутулушканы тар чөйрөдө талкууга алынды.

Бул жагын терең аңдаган билермандар экинчи курултай өткөргүс болушуптур. Туура да, түнкүсүн адыраңдап эле жатышса, кимдин нерви чыдамак эле?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости