www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевден эки эл өкүлүнүн Башкы прокуратурада сурак берип жатканына байланыштуу пикирин билдирүүнү суранды.

«Шайлоочулар спикерден эки депутаттын кармалышы боюнча кандай ойдо экенин сурашат. Эфирден өз оюн айтуусун суранышат. Депутаттарга кысым болуп жатат дешсе, спикер унчукпайт. Реакцияңызды көрсөтүңүз», - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылган. Буга чейин аталган эки депутат прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.

Бүгүн, 1-декабрда Атазов менен Токторбаев парламент жыйынында Башкы прокуратурага суракка чакырылышы боюнча комментарий беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости