www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы окуясындагы алты кишинин өлүмүнө байланышкан окуянын күнөөкөрү Аскар Акаевди актадык, Курманбек Бакиевди да актайлы! Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Жыйында Жусупбек Коргонбай уулудан мурун кесиптеши Жеңишбек Токторбаев Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров менен бирге мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду камоо керектигин айткан.

Андан кийин сөз алган депутат Жусупбек Коргонбай уулу президенттердин баарына бирдей мамиле кылуу керектигин билдирди.

"Мурдагы президенттердин аттары аталды. Аксы районундагы алты кишинин өлүмүнө байланышккан окуялардын күнөөкөрү Аскар Акаевди актап салдык. Курманбек Бакиевди алып келип, Алмазбек Атамбаев менен беттештирип, 2010-жылдагы 98 кишинин өлүмүн териштирбейлиби! Эмнеге тандалма мамиле жасайбыз?! Аскар Акаевди актадыкпы, Бакиевди да алып келип актайлы! Атамбаевди да камактан чыгаралы! Президенттердин баарына бирдей мамиле кылалы да", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости