www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарына Бакыт Жетигеновдун мэр болушу коомчулукка “жем” таштап, ар кандай талкууларды жаратты. Ал былтыр эле бийликти басып алууга айыпталып, камакка алынган. Көп өтпөй эркиндикке чыгып, анын аракеттеринен кылмыштын белгилери байкалган эмес.
Ал эми козголгон иш токтоп турса керек, акталган да жок. Суроо туулат: Бакыт Жетигенов кандай негизде Ош шаарынын мэрлигине секирик жасады? Биринчиден, өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен 2010-жылы “Ар-намыс” партиясынан депутат болушкан.
Ошондон бери жеке мамилелери бар. Экинчиден, жердеши Канатбек Исаев камакта жатканда, эл көзүнө баланс катары кызмат берилди. Албетте, бул убактылуу көрүнүш. Төбөлдөр Бакыт Жетигеновду жактырып атпаса керек.
Тек гана сыноо таризинде “устукан” сунушту. Балким үч-төрт ай өткөндөн кийин чалынтышып, эсебин таап коюшары да ажеп эмес. Калганы тагдырдын жазмышы катары сүрөттөлөт го...
Булак: Азия News гезити