www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде Сурабалдиеванын туугандары мамлекеттик кызматтарда иштебесе, анда Ташиев кантип анын туугандарын кызматтан алып жатат? Бул суроонун айланасында журналист Ырыс Асан анализ жүргүздү.

“Жакында Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында жалындуу сөздөрү менен чыгып сүйлөдү. Ал бийликти “ишкерлерге кысым көрсөтүп жатат” деп айыптады. Айрыкча, анын туугандарынын баарысын кызматтан алып жатышкандыгын баса белгиледи. “Менин туугандарымдын бири да бюджеттик чөйрөдө иштебегендиги жакшы болду” – деп, бир аз ойдон тайып кеткенине “ак чөп тантырактын башында”, деп, ал кепти унутуп коюбуз абзел. 

Ушундан  улам менде суроо жаралбай койгон жок: - “Эгерде алардын мамлекеттик секторго тиешеси болбосо, анда Ташиев кантип Сурабалдиеванын туугандарын кызматтан алып жатат?”

8-10 жыл мурда болгон окуя эске түштү. Анда “Кудайберген” базарынын соодагерлеринин пикеттерге, митингдерге чыгып, ачкачылык жарыялашканын баары билишет. Алар Эльвира Сурабалдиевадан кезектеги ижара акысын жогорулатпоосун талап кылышкан. Ошондой эле, сатуучулар Салык инспекциясына базардын администрациясы фискалдык жана укук коргоо органдарына көрсөткөн жарыбаган акчаны эмес, алардан алышкан каражаттын даана суммасын так көрсөтүп беришин талап кылышкан. 

Анткени, контейнерлерди ижарага алышкан сатуучулар алардын “убактылуу кожоюндары” эмес, юридикалык жактан реализаторлор болуп саналышат. Ошентсе дагы, салыктык отчеттордун баарысын алар беришет. Соцфондго төлөшөт, бирок, социалдык төлөмдөр базардын кожоюндарынын жакындарына жана досторунун аялдарына жазылат. Мындай практика бардык базарларда бар, ошондуктан, биздин өлкөдө социалдык төлөмдөрдү төлөгөн бир адамга пенсиялык фонддун камсыздандыруу акыларын төлөбөгөн бир нече жаран туура келет. Ошол эле убакта жарандар суткасына он жана андан ашык сааттан иштешет. 

Муну менен эмнени айткыбыз келет?

Менимче, жакында Сурабалдиевада маселе жаралышы мүмкүн. Анткени менен, маселе дайыма эле болуп келген. Эске салсак, ага мураска калган бизнес “катаал күч” ыкмасы менен ээленген. Ошондой эле, салыктарды жашыруу, эшектей иштешкен сатуучулардын капчыктарынан сомдорду “кымыруу”, ошол эле убакта аларга татыктуу пенсия төлөмдөрү которулбаганы, анткени, сатуучулардын социалдык төлөмдөргө төлөгөн каражаттары сол жакка түшүп турат. Мунун бардыгы Кылмыш Кодексинин ондогон беренелерин камтыйт. Сурабалдиевага эмне үчүн эч ким тийишкен эмес, себеби, ал анын атасын “Бакиевдер өлтүрдү” деп ырастап келген. Бакиевдер 10-июнь күнү анын атасын баш калаанын дал ортосуна келишин күтүп туруп, аны атып салышкандыгын элетстетүү дагы кыйын. Мындай дөдөй кепке ал тургай атамбаевчилер менен текебаевчилер дагы ишенишкен эмес.  Оппозиционерлердин бирөө айткандай, “анын Бакиевдер жөнүндө минтип дөөрүп, кайталаганынын кереги жок. 

“Атамбаевдин бийлигин сактап калуу жана күчөтүү үчүн бардык каналдар аркылуу көчөдө, талада жаткан иттин өлүгүнө дагы Бакиевдер күнөөлүү деп чыккан элек. Элге бир айтсак угат, беш айтсак шектенет, жүз жолу айтсак, эл өзү көргөнсүп, ал калпка терең ишенет. Мындай ыкмалар саясатта миңдеген жылдары пайдаланып келе жатат. Бирок, Атамбаев аны мындан пайдалана алган жок”, - деп нечен жолу теле, радиолорго Текебаев өзү оозу-башы  кыйшайбастан, мактанып айткандарын эске алса болмок, бечера. 

“Сурабалдиеванын унчукпай эле койгону дурус болмок.  Жок дегенде азырынча...”- дейт Ново-Павловка айылынын тургуну Абдиева Аманат.

“2008-жылы Жогорку сот Эркин Мамбеталиевди бир нече адамды, анын ичинде депутат Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн өмүр бою абакка камоо өкүмүн чыгарды”. Булак:  «24 kg”.  

Бул тастыкталган маалыматты, мамлекеттик дагы, оппозициялык дагы сайттар менен гезиттер жарыялашкан. Аны Сурабалдиева эске албай койгону кейиштүү болуп турат.

Айтмакчы, Ташиевдин адилеттикти калыбына келтирүү үчүн жасаган аракетиндеги катаалдыгын УКМК төрагасынын катаалдыгы деп бааласак болот. Антсе дагы, эгемендүүлүк орногондон берки 30 жылдан ашуун убакыт бизге катаал тартип гана керек экендигин далилдеди. Жана ошондой эле, Акаевдин тушунда уурдап-жеп, өздөрүнө эле эмес, балдарына жеткидей байыгандарды колдогон практикадан алыстоо керек экендигин убакыт тастыктап жатат. Бул кеп Айдар Акаевдин досу Равшанга гана тийиштүү эмес. Ал өз байлыгын “мен албай койгонго дагы, байыбай койгонго дагы мүмкүн эмес кызматта бир нече жыл отурдум” деп канчадан бери айтып келет. 

Чындап келгенде, оппозиционер болгондор менен оппозициянын атын жамынган жепжутаар депутаттарды, мурдагы "мыйзамдагы аткаминер" оппозиционерлерди ажырата билишибиз зарыл экен. Анткени, жеп көнгөн, кийин бийликтен алыстап, жеминен ажырагандар мамлекетибиздин өнүгүүсүнө даана коркунуч келтирчүдөй” - деди Ырыс Асан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости