www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Садыр Жапаров үчүн бүгүн бирди айтып, эртеси башканы айтуу кадыресе көрүнүш болуп калды. Ошондуктан, биз ал кандай кааласа ошондой жашап калабыз. Биз Конституциянын долбоорун талкуулап жатканда, элдер шайлоо менен алек", - деп айтты Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 20-ноябрда “Жарандар бийликти узурпациялоого каршы” чукул форумунда.
Ал 20-октябрда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынганын эске салып, анда “конституциялык референдум өткөнгө чейин” деп жазылганын баса белгиледи.
"Биз бул менен кандайдыр бир конституциялык реформа болушу керек дедик. Конституциялык реформа болмоюнча, шайлоо дагы болбойт. Биз ушундай чоң ката кетирдик. Мен парламентти пластилин деп ойлочумун, көрсө андан дагы жумшак экен. Эмнеге мындай деп жатам. Анткени, ар кандай жол менен кысым көрсөтүлөт: УКТ, бизнес аркылуу, ар кандай укук коргоо органдары аркылуу жана дагы башка жолдору (кимдир бирөө кызматка дайындоо .б.) бар. Ошондуктан мен референдум болбосо дагы, конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилет деп ойлойм. Садыр Жапаров шайлоодон кийин “өзүңөр конституциялык референдум өткөнгө чейин” деп жазбадыңар беле деп айтат. “Конституциялык реформаны өткөрмөйүнчө, эч жакка кетпейсиңер” деп айтат “, – деп белгиледи Бекешев.
Булак: NazarNews.kg