www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Айрым кесиптештер эртең Жогорку Соттон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча кызыктуу жана күтүлбөгөн чечим кабыл алышыбыз мүмкүн деп билдиришүүдө. Шайлоонун жыйынтыгын туура деп табылышы мүмкүн” – деп жазды Дастан Бекешев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Бирок тараптарды тынчытуу максатында, бардык мыйзамдарга карама-каршы келген бир нече компромисстик варианттар каралууда:

– шайлоону өттү деп жарыялап, андан кийин мыйзамдын арткы аракети менен шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алуу;

– шайлоону өттү деп табуу жана “Мекеним Кыргызстан” партиясын депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн четтетүү (БШК аркылуу же сот аркылуу).

Ал президенттин резиденциясында ар кандай варианттар каралып жатканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков интригандардын акылсыз кеңештерин кабыл албайт жана акыйкаттыкка жолтоо болбойт деп ишенем. Шайлоонун жыйынтыгы жараксыз бойдон калууга тийиш жана 6-чакырылыштагы парламент шайлоо босогосун 3% га түшүрүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алып, андан кийин БШК кайрадан шайлоо жарыялашы керек. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана шайлоонун кайталанып өткөрүлүшү параллель жүрүшү мүмкүн “, – деди парламентарий.

Эскерте кетсек, 7-октябрда шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости