www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жеңилгендер үчүн эң жакшы жол – биригүү, ал эми жеңүүчүлөр үчүн эң жакшы жол – Өкмөттү түзүү жана бир аз оң өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу” – деп билдирди экс-депутат Дастан Бекешев Facebook  баракчасына.

“Өзгөртүүлөрдү киргизүү кыйынга турат, айрыкча бюджет бош болуп, кризис күтүп турганда. “Биримдик” партиясы көпчүлүк коалициясын түзүп, ал өзүнүн премьер-министрин да көрсөтүшү керек. “Биримдиктен” Суракматов жакшы көрүнөт. Спкер “Мекеним Кыргызстандан” болушу ыктымал жана бул кызмат үчүн Мирлан Бакиров бар. “Кыргызстан” партиясы жардамчылардын ролуна түштү, б.а. вице-премьер-министрлер, вице-спикерлер, орун басарлар”  – деп жазды экс-депутат.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-октябрда парламентик шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары бочого чектен (7%) өтүштү.

Ал эми жетишерлик добуш албай калган партиялардын көбү шайлоонун жыйынтыгына макул эмеспиз деп, бүгүн “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккан жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости