www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Дастан Бекешев президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров сунуштап жаткан экономикалык амнистия тууралуу мыйзам долбоору адал иштеп жаткан ишкерлер үчүн кооптуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү "Элдик депутаттын ойлору" аттуу телеграмм каналында айткан.
Мыйзам долбоору кечээ, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, кворум болбогондуктан добушка коюлган эмес.
Депутат Бекешевдин пикиринде, мыйзам долбоору иштеп баштаса укук коргоо органдары ишкерлерге карата кыянаттык жасап коюшу мүмкүн.
"Кылмыш-жаза кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Садыр Жапаровдун ою боюнча, республикалык бюджетти 60 күндүн ичинде эле толтуруп коёт. Мыйзамда каралган нормалар өлкөдө 60 күн иштеп, ал боюнча жеп-ичкендердин баары кайрадан баарын эки эселеп төлөп бериши керек. Мисалы, кайсы бир жаран "мыйзамсыз ишкердик", "салыкты төлөөдөн баш тартуу", "экономикалык контрабанда", "коммерциялык сатып алуу", "коррупция" жана башка ушул сыяктуу беренелер боюнча кармалса СИЗОго отурат. Бирок кармалган адам тергөө менен кызматташууга барып, жеп алган акчаларын төлөп берсе, экономикалык амнистиянын негизинде бошотулат.
Мени кооптондурган нерсе, укук коргоо органдары бул нормаларды кыянаттык менен пайдаланып башташы мүмкүн. Мисалы ишкердик менен алек болгон бир адамды кармап, сен салык төлөөдөн баш тартып жүргөнсүң деп туруп СИЗОго камап койсо, ал албетте, кутулуу үчүн акча төлөшү керек болуп калат. Кыскасы, мыйзам долбоору чоң кооптонууну жаратат", - деген Дастан Бекешев.
Булак: NazarNews.kg