www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету угулуп жатат. Жыйынга КР Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жетекчилери катышууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдагы аткаруу бийлиги тарабынан аткарылган иштердин жетишкендиктери менен кемчиликтери жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеңири маалымат берүүдө.

Адаттагыдай, суроо-жооп процедурасы улантылып жатат. Депутаттардын бири “суроо-жоопту токтотолу” десе, экиниси “уланталы” деп, ЖК спикери Дастан Жумабековдун башын айлантты. Эртең менинки 09:00дөн бери ЖК депутаты Зарылбек Рысалиевге сөз келбегендигине байланыштуу, “суроо-жооп процедурасы токтотулсун, деген депутаттар кетсин” деп, жыйынга катышып жаткан депутаттарды жылмайтты.

Ошентип ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков, бир нече жолу депуттарды тынчтандырып, досканы карата албай убара болуп турган чагы. Дастан мырза такшалганы го такшалып бара жатат, сөз жок, бирок эл өкүлдөрүнө жыйындарда бир нече жолу тынчтандырганы таң калычтуу, мындай “шок депуттар” качан тартипке келет, белгисиз.

Баса, жыйынды жүрүшүндө 2017-жылы өлкөдө спорт тармагы ийгиликтер менен коштолгондугу: эл аралык спорттук иш-чаралардан кыргыз спортсмендери 700дөн ашуун медаль менен кайткандыгы, футбол боюнча курама команда дүйнөлүк рейтингден алдыга жылып, 75 орунга жеткендиги, валейбол боюнча курама команда тарыхта биринчи жолу Азия оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алгандыгы жана башка алгылыктуу мисалдар айтылды.

Депутат Курманкул Зулушевдин суроосуна жооп берип жатып Өкмөт башчы М.Абылгазиев “Энегохолдинг” ишканасына коррупцияга аралашпаган, 30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар жетекчилерди алып келгендигин маалымдады. Ал эми ишкананы министрликке айлантуу сыяктуу маселелерди сентябрга чейин иликтеп чыгып, парламент менен чогуу чечүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, М.Абылгазиев саламаттыкты сактоо тармагы боюнча өлкө аймагындагы бейтаптардын баары Бишкек, Ошко келип дарылангандай шарт түзүлүп калгандыгына токтолду. “Ошол үчүн Бишкек, Оштон алган сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү 7 облустун борборлорунан эле алгандай деңгээлге чыгарышыбыз керек”,- дейт.

Депутат Мирлан Жээнчороев күйүүчү майлардын кымбаттоосу боюнча өткөн күздө эле эскертүү берилгендигин, бул багытта интервенция, диверсификациялоо жолдору менен иш алпарылбагандыгын сынга алды. Ошондой эле Талас, Баткен облустарына СИЗО куруу зарылдыгын, башка облустардай эле Ысык-Көл, Талас облустарына күч органдарынын кызматкерлери үчүн үйлөрдү куруу керектигин кошумчалады.Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости