www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— 1994-жылы кол коюлган Башкы Келишим коррупциялык келишим дегендер менен түз эфирдеги теледебатка чыгасызбы?

— Мен интеллектуалдык жекеме-жекеге баарын телевизордун түз эфирине чакырам. Эл чындык, акыйкатты уксун. Ким-ким экенин билсин. Өзгөчө, мамкомиссияны жетектеген Т. Сариев, Ш. Мамбетов, О. Дүйшеев жалгыз келип, жекеме-жекеге мени менен чыксын, коркпосо келишсин.

— “Камеко” кредитти “Кумтөрдүн” алтынын күрөөгө коюп алды деген чынбы?

— Карандай калп. Жерде казылбаган алтынды күрөөгө коюп “Жерүйгө” эмне үчүн кредитти алышпайт?

— “Камеко” кредитти Өкмөттүн кепилдиги менен алган деп жатпайбы?

— Бул дагы карандай калп. Андай кепилдикти Өкмөт берген эмес.

— Анда кредитти “Камеко” кантип алган?

— “Камеко” дүйнө жүзүндө чыккан урандын 16 пайызын берет. Уран чыгарган заводдорун күрөөгө коюп, андан сырткары “Кумтөрдүн” курулушуна кайта кайтарылбаган 45 млн доллар өз акчасын берген үчүн кредит алган. Кредитти кайрып бере албаса заводдорун банк сатыкка коймок. Тобокел (риск) толук “Камеконун” мойнунда болгон.

— Эмне үчүн ал убакта өндүрүшкө кредит алуу кыйын болгон?

— СССР тарап, экономикасы кыйрап, Кыргызстандын Конституциясы, базар экономикага ылайык бир дагы мыйзамы жок болсо кайсы банк өндүрүшкө кредит бермек эле?! Ал эми Өкмөттүн кепилдиги менен 350 млн доллар кредит (Паромная переправа, цех детского питания, розлива воды “Гималай” и. т.д) 17 долбоордун бири дагы иштебей, кумга сиңген суудай жок болбодубу (негизинен уурдалды).

— “Центеррада” сиздин акцияларыңыз бар деген сөз тарабады беле?

— Мен “Кыргызалтынды” 1999-жылы өткөрүп бердим. “Центерра” 2003-жылы түзүлдү. Мага жалаа жаап, жамандагандар бир аз окшоштуруп туруп жамандаса болмок.

— Душмандарым ушунчалык көп деп ойлойсузбу?

— Далай саясатчылар “Кыргызалтынга” балдарын, туугандарын, жакындарын жумушка ал деп кайрылган. Ишти билбегендерди алсаң “Кыргызалтын” кыйрамак. Далайы кредит сураган, тетик, мунай жана башкаларды сатып ал деген (2–3 эсе кымбат баа менен). Жок десең жаман көрүп, душманга айланган. Ичи тар, көралбагандар да болгон…

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости