www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дене тарбияны унуткан адамдын ден соолугу начарлап, өмүрү кыскарат. Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

- Кыргызда “дене тарбия” деген сөздүн мааниси өтө терең экен. Адам тарбияга кандай муктаж болсо, анын денеси да тарбияга муктаж – деп бабаларыбыз зор ишенимде болуптур. Бул ишенимди кыргыз кантип турмушка ашырып келген?

- "Улуттук оюндар жана коюлган байгелер аркылуу дене тарбия ишке ашырылган: көк бөрү, кыз куумай, тыйын эңмей, жамбы атмай, күрөш, эңиш, ордо, упай ж.б.

Төлөк Төрөкан уулу. “Кыргыз Эл санжырасы”. Кызылсуу кыргыз басмасы, “Улуу тоолор” басмасы, 2015-жыл.

“7- күнү кыйык атуу башталды. Кыйык атууга байгеси 100 жамбы, 1000 кой,100 жылкы, 100 төө, 100 уй, 100 топоз, баш байгеси Кызсайкал...” – 65-б. (Орозду хан баяны).

Бүгүн шаар, кыштактарда дене тарбия калың элдин колунан чыгып кетти.

Дене тарбияны унуткан адамдын ден соолугу начарлайт, ооруларга туруштук бере албайт, уйкусу бузулат, маанайы чөгүп, ашык салмак пайда болуп, иммунитети алсыз болуп, өмүрү кыскарат.

Муну да бабаларыбыз түшүнүп, жакшы билген экен", - дейт Сарыгулов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости