www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Динара Ашимовна, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жаткан экенсиз. Ага кандай зарылчылык бар деп ойлойсуз?

- Ооба, баары болуп 14 мыйзам, кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Себеби, акыркы убакта зордук-зомбулук маселеси коомчулукта баарыбыздын чучугубузга жетти. Мамлекетибизде көп эле мыйзамдар бар, бирок алардын иштебей жатканынын себеби, бири-бири менен дал келишпейт. Биз мыйзамдарды шайкеш келтирип, практика жүзүндө иштей тургандай кылууга аракет жасадык. Мисалы, зордук болуп, же жаш балага карата ыдык көрсөтүлүп жатабы, азыркы мыйзамдар боюнча элдешип алса болот. Же үй-бүлөлүк зомбулук болуп, милицияга кайрылса, милиция зордукчулду кармай албайт.

Адегенде экспертиза дайындалышы керек. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин гана кармоого укуктуу. Ага чейин үй-бүлөдө эмне болуп кетерин бир Кудай билет. Азыркы кризистик борборлордо коррекциялык программалар жакшы жүрбөйт. Себеби, алар конкурстарга катышып, бюджеттик каражат алышат дагы, аялдар кризистик борбордо он күн, ашып кетсе бир ай болушат. Юридикалык, психологиялык гана жардам алышат дагы, кайра эле баягы өздөрүнүн чөйрөсүнө барышат. Ошондуктан, ушунун баарын жөнгө салыш керек болду.

Биринчиден, жоопкерчиликти күчөтүп, ошол эле учурда үй-бүлөнү да сактап калууга аракет жасадык. Үч этаптык коррекциялык программаларды киргиздик. Айталы, иш козголуп, ал кыскартууга кетсе, анда коррекциялык программаны зордук көрсөткөн адам өзү төлөшү керек. Эгер төлөй албаса, коомдук иштерди аткарат. А эгер камалып кете турган болсо, колонияларда да коррекциялык программалар өткөрүлүп, ал адам “экинчи зордук-зомбулукка барбайт” деген шарт менен чыгууга тийиш.

- Сиздин сунушуңуз боюнча зордук-зомбулук жасаган киши 30 күн үйдөн кетиши керек экен. Бул арада эмне өзгөрүшү мүмкүн?

- “Охранный ордер” деп коёт, ал азыр үч күнгө берилет. Үч күндөн кийин жабырлануучу кайра барып, кайра арыз жазышы керек. Билесиз да, мындай нерсе биздин практикада аткарылышы өтө кыйын. Ошон үчүн биз охранный ордер 30 күнгө берилсин, чыр-чатак чечилип бүткөнгө чейин зордукчул үйүнө келбей турсун (!) деп жатабыз. Аял киши балдарын ээрчитип алып апасыныкына, курбусунунун үйүнө, же кризистик борборго кеткени – ал ажырашууга биринчи кадам да. Андан көрө аял өз үйүндө тынч жашап турсун, зордук жасаган киши менен тийешелүү органдар иштеп, ага чейин тиги коррекция өткөрсүн. Ушундай норма киргени профилактикага жакшы болот го деп ойлойм.

- “Агрессор аялдар пайда болду” деп кызыктуу маалымат айттыңыз. Ал боюнча статистика барбы?

- 2021-жылы 10 миңден ашуун киши үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган болсо, ошондон 70ке жакын учурда эркектер арыз жазыптыр. Менин оюмча, андан да көп болушу мүмкүн. Себеби, эркектер арыз жазгандан намыстанышат, андайды уят көрүшөт. Ошондуктан, мурда арызды жалгыз гана жабырланган киши жазса, азыр биз окуяны ким көрсө (мисалы, кошунасы) жаза берсе болот (!) деген норманы киргизип жатабыз. Бирок, тергөө учурунда арыз жазган киши күбө катары суралат. Жабырланган киши кааласа арызды тастыктап, кошо арыз жазат, каалабаса жазбайт.

- Комитеттеги сөзүңүздөн дагы бир нерсени түшүндүм, сиз өлүм жазасын киргизүүгө каршы экенсиз?

- Мен адегенде өлүм жазасын кайра киргизүү боюнча демилгени колдогон болчумун. Себеби, болуп жаткан ар түрдүү окуяларга, жаш балдарга карата ушунчалык жаман мамиле жасалып жатканына кыжырым келген. Бирок, адистер буга чейинки тажрыйбага, статистикаларга таянып, өлүм жазасы киргизилгенден кийин киши өлтүрүү фактылары көбөйүп кетиши мүмкүн экенин түшүндүрүшкөндөн кийин кайра ойлонуп калдым. Экинчиден, азыркы сот системасын өтө адилеттүү катары айтуу кыйын. Күнөөсү жок кишилер да жабыр тартып калуулары мүмкүн. Ошондуктан, бул маселени “тегерек үстөл” өткөрүп, эл менен талкуулап, анан чечиш керек го.

Булак: Азия News гезити

Последние новости