www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтондун Украинадагы жаңжалга кийлигишкени жана андан өзүнө болушунча пайда табууга жасаган аракети Американын үстөмдүгүн жок кылуу керектигин көрсөттү. Бул туурасында кытайлык Global Times басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.

"Украинадагы жаңжалда Вашингтон ар дайым Европаны Орусияга каршы турууга үндөйт. Бир жагынан Европанын экономикасын алсыратууга багытталган катаал атаандаштыкка түртүп жатат. Американын "эл аралык тартип" деген эрежеге жамынып алган үстөмдүгүнөн улам союздаштары менен эл аралык коомчулуктун АКШга болгон ишеними жоголуп бара жатат", — деп жазган гезит.

Макалада чыныгы эл аралык тартип Вашингтондун кол алдында жүрүүгө негизделбегени, келечеги бирдей, тең укуктуу коом түзүү башкы максат болушу керектиги белгиленген.

"Эгер алдыдагы 10 жылдыкты чечүүчү мезгил десек, ал Вашингтондун каардуу үстөмдүгүн жокко чыгарып, чыныгы дүйнөлүк теңчиликти жана адилеттүүлүктү орнотуу менен байланыштуу болушу абзел", — деп жазган автор.

Украинада атайын операция башталган соң Батыш Орусияга карата санкциялык кысымын күчөткөн. Бирок мындай кадамы менен АКШ жана Европа өзү энергоресурстун кымбатташы менен инфляциянын рекорддук өсүүсүнө туш болду. РФ президенти Владимир Путин Орусиянын ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, катаал чектөөлөр дүйнөлүк экономикага оор сокку урганын белгилеп келет. Анын айтымында, АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн башкы максаты — миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости