www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү актриса Шайыр Касымалиева Манас айтып, батирлүү болуу кыялы менен бөлүштү. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
"Манасчылар Манас айтып батирлүү болушуптур. А мен болсо 30 жылдан ашуун театрда иштеп, пенсияга чыктым. Ал эми учурда сценарий жазып, кино тартып, андан сырткары актер болгусу келген жаштарды тарбиялап келем. Бирок ушуга чейин батирим жок. Ал эми манасчылар Манас айтып эки бөлмөлүү батирлүү болушуптур. Быйыл Манасты үйрөнүп, мен да үйлүү болсомбу деген ойдо калдым," - деди Касымалиева.
Эскерте кетсек, сентябрь айында жеке ишкер Нургалы Асаналиев тарабынан сегиз манасчыга батир тартууланган.
Манасчылар — Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Самат Көчөрбаев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Асанаалы Калил уулу, Үмөт Болот уулу эки бөлмөлүү батирлүү болушкан.
Булак: NazarNews.kg