www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күз-кыш мезгилдеринде көпчүлүк иммунитетин көтөрүү үчүн түрдүү каражаттарды ичип баштайт. Бирок бул туура эмес экендигин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт Алексей Водовозов айтып берди.

Ал иммундук системаны көтөрүү үчүн ар түрдүү витамин, дары-дармекти ичүүнүн кажети жок экендигин белгиледи.

"Бул системага тийишпей эле койгон оң. Бактыга жараша, ал биздин түрдүү "кол салууларыбыздан" өзгөрбөйт. Эмне гана ичпейли, баары бир иммунитетке таасир бере албайт", — деген Водовозов.

Анын айтымында, эгерде адам өзү каалап жаткандай укмуш күчтүү иммунитетке жете алса, кесепети өтө эле начар болмок.

"Бизге өтө күчтүү иммундук реакция керек эмес. Аутоиммундук оорулар — мисалы, күчтүү иммундук реакция же болбосо COVID-19 оорусу күч алган учурда көп адамдарды өлүмгө жеткирген гипериммундук реакция. Мунун кереги жок", — деди терапевт.

Дарыгер сергек жашоо образын сактаган адамдардын иммундук системасы организмге коркунуч жаралган учурда тийиштүү деңгээлде жооп бере аларын белгиледи.

"Ашыкча тоюу, аз кыймыл, стресске чөгүп кетүү, уйкунун канбагандыгы — мунун баары иммунитеттин алсызданышына алып келет. Ошондуктан ушул көрүнүштөрдү жоюу менен биз бул системанын күчтөнүшүнө жардам бере алабыз", — деген дарыгер.

 

Ал дене мүчөнү бузуп жибере турган ашыкча машыгуунун кереги жок экендигин айтып, болгону күнүнө 1-2 аялдама аралыкты жөө басып коюу иммундук системанын туура иштешин шарттай турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости