www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев бүгүн, 6-декабрда, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сизге туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду жөнөтүү мага чоң кубаныч тартуулайт.

Өлкөнү өнүктүрүү жана элдин бакубаттуулугу, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу жолундагы ишмердигиңиз өзгөчө баалоого татыктуу. Биздин өлкөлөр ортосундагы көп кылымдык достуктун жана бир туугандыктын духундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана ар тараптуу байланыштарды акыркы жылдарда сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө Сиздин жеке салымыңызды өзгөчө белгилегим келет.

Кайталангыс Бишкек шаарына боло турган жогорку деңгээлдеги иш сапары, биздин жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүз жана жетишилип жаткан маанилүү макулдашуулар бир тууган элдерибиздин жалпы кызыкчылыктарына кызмат кылаары талашсыз. Белгилеп кетүүчү нерсе, Сиздин эбегейсиз практикалык аракеттериңиздин жана бекем позицияңыздын аркасы менен Сиздин президент болуп турган мезгилде турмуштук маанилүү чек ара маселелеринин чечилиши — Сиздин күчтүү саясий эркиңизди дагы бир жолу ачык көрсөттү.

Сиздин жетекчилигиңиз астында Камбар-Ата ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол линиясын куруу сыяктуу ири регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу да ийгиликтүү башталганы бизди өзгөчө кубандырат.

Өз ара урматтоо жана бири-бирин колдоо принциптерине негизделген биздин мамилелерибиз мындан ары да чыңдала берерине ишенем. Учурдан пайдаланып, дагы бир жолу ушул маанилүү күн менен чын дилимден куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалайм», — деп айтылат Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо катында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости