www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эне улуу жана ыйык! Кыргыздын дүйнө тааным, тарых жана турмушуна таянып Дастан Сарыгулов Кыргызстандагы жалпы аял затына кайрылуу жасады.
Төмөндө кайрылуунун тексти толугу менен:
Улуу кыргыз эли! Кадырлуу аксакал, апалар, энелер, келин, кыз, жаштар!
КАЙРЫЛУУ
I
Байыркы бабалардан калган балбан сөз:
- “Атабыз-нур, Энебиз-жер, каныбыз-суу, жаныбыз-аба”;
- “Атасыз үрөөн болбойт, Энесиз үрөөн өнбөйт, бөксө толбойт, элдин уучу уланбайт”;
- “Ар адамга жанды Жараткан Эненин жаны аркылуу берет, Атага караганда Жараткан Энени жакын көрөт, коштоп, колдойт”;
- “Эркек-сель, аял-көль”, “эркектин билеги, аялдын тилеги күчтүү”, “эркектен бир күлүк, энеден миң күлүк”, “атасы жаман оңолот, энеси жаман оңолбойт”, “энеси жинди-баары жинди”, “энеден кийин төркүн жок”, “атасыз жетим-жарым жетим, энесиз жетим-толук жетим”;
- “Аял-үйдүн шам чырагы, тилеги. Ата-үйдүн күч-кубаты, тиреги”.
Эненин улуулугу-улуу түйшүгүндө, ажал менен арбашып, бала төрөп, аны бутуна тургузканында, очоктун отун өчүрбөй кармаганда, жоктон бар кылып, чыдап баарын көтөргөндө, көзү өткөндө өзү менен өмүрүңдүң бир бөлүгүн кошо алып кеткениңде, балдарына бүт өмүрүн арнап, тилеги ак, аруулуктун үлгүсү болгонунда!
“Кыздын кырк чачы улуу, ал үйдө конок, “учуп” кетет, кызга кырк жерден тыйуу”-деп кыргыз анын улуулугун, ыйыктыгын белгилеп, аруулугун сактап келген.
Элдин улуулугу-Энелердин улуулугуна жараша болот (аталардын эмес)!
- “Бала тарбиясы-журтту сактайт, кыз тарбиясы-улутту сактайт!”
- “Баланын тизеси ооруса, эненин жүрөгү ооруйт”.
- “Биринчи байлык-ден соолук, экинчи байлык-ак жолук”.
Ак бата, Ак тилек, Ак жол, Ак ниет, Ак жоолук-кыргызда Аруулук, Ыйман, Адепти туюндурган! Апалар жайган тасмалды бүгүн да эч кимдин буту баспайт жана аттабайт, себеби ал Улуу жана ыйык!
Жараткандын шарты менен миллион жылда эволюция, мутация жолу менен өнүгүп, калыптанган Адам баласы Эненин жүрөк астында тогуз же жети айда кайталанып, жарык дүйнөгө келгени-Эненин сыйкырдуу касиети экенин бабаларыбыз билген, баалаган жана кош бойлуу келиндерге камкөрдук көрүп, сый, урмат көрсөтүп, аяр, назик мамиле кылган!
Ал эми отурукташкан далай батыш, чыгыш элдеринде үч-төрт миң жыл бою аялдар кул болуп, малга теңелип, сатылып, атүгүл ыйык китебинде “Эркектин кабыргасынан жаралды”-деп жазылганын баардык элдер билет.
Орто кылымдарда Европада үч миллион аял “Ведьма” деп таанылып, өрттөлгөнү тарых бетинде жазылып калган.(*)
Миң жылдар бою Энелердин Улуулугу жана ыйыктыгы кыргыз элин улуу жана адеп, ыймандуу, адилет, калыс, намыстуу, уяттуу, нарктуу кылып келген, анткени Адам болуп, Адамча жашоо, же тарбия билимин энелер балдарга берип келген.
Айтылгандын баары Кыргыз улуу эл болгонун талашсыз жана күмөнсүз далилдеп турат.
II
Кыргыздын төл Мекени-Хакас жеринде археология казуулар Афанас, Андрон маданиятына таандык көрүстөндөрүнүн 22 пайызында түгөйлөрдүн сөөгү коюлганын аныктаган, демек жарык дүйнө менен бирге коштошкон.
Каныкей апабыз, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Курманжан датка энелерибиздин тарыхы, өмүр баяны. Кыргыз энелеринин Улуу жана ыйыктыгын жетиштүү ырыстайт.
Материалдык көз караштын алкагында “Аял үйдүн шам чырагы, тилеги”, “Аял-кут”-деген сөз, түшүнүктөр өтө эле маанилүү эмес. Бирок, кыргыз үчүн шам чырак күйбөсө үй бүлө карангы, үй бүлөлөр карангы болсо эл карангы! Кыргыз Кутту Жаратканга берет деп ишенген. Кут аялга берилет, жана Кутту аял гана кармап, сактап, алып жүрө алат деп түшүнгөн.
Аялга кол көтөргөн эркек куттан ажырап, кур калат деген! “Кыз балага кол көтөрсөң, колуң калтырак болуп калат”-деп бекер айтылган эмес.
III
Палеолит доорунда аман калуу, бала төрөп, тукум улоо оор түйшүгү эне улуу жана ыйык экенин күндө тастыкат турган. Көп кырсыктуу,шарты катаал, бийик тоодо xx кылымга чейин көчүп, конуп жашаган кыргыз эне улуу жана ыйык эненин кан, жанына сиңирип, сактап келди. Бул касиет Умай эне түшүнгү аркылуу Эне Жаратканга жакын (эркекке караганда), Жараткандын өзгөчө колдоосуна, камкордугуна, мээримине татыктуу деген ишенимге алып келген. Ошону менен кошо, адамзаат тагдырына, абалына, келечегине Энелердин жоопкерчилиги өтө бийик экенин туюндуруп, белгилеген.
Беш-алты миң жыл отуруктушкан жашоо доорунда Эне улуулугу бара бара басаңдап, унутулуп, чөгүп, өзгөчө XX-XXI кылымдарда төшөк кумары менен чектелип калган пастыкка түштү.
Европа элдеринде үй-бүлө курган түгөйлөргө орто эсеп менен 1.4-1.6 бала туура келет экен. Элүү жылда бул элдер жер бетинде жок болуу абалга жетип калды.
Эркектер адамзаатты үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосуна жеткизип салды, жан жаныбарларды кырып, жер, суу, деңиз, абаны булгап, адам баласын жаапайы айбандардан да коркунучтуу жана зыяндуу кылды.
Чексиз материалдык дүйнөтааным, чексиз дүнүйөкорлукка, өзүмчүлүккө, зордук-зомбулукка, күчкө гана таянып, ыйман, абийир, уят, убол, сооп, арам, адал, адилет, акыйкат, калыстык, социалдык теңчилик деген түбөлүк түшүнүктөрдү талкалап, унутканга алып келди.
Кыргыз Жараткандын мыйзамдарын билип, аткарып, сактап, аларды бузбай жашап келген. Кайып дүйнөнүн (квантовый мир) сырын да билип, түшүнүп, салттуу билим менен айкалыштырып, кылымдар бою ийгиликке ээ болуп келген.
Бул ийгиликтин оболгосу, анын башаты-Эненин Улуулугун жана ыйыктыгын кыргыз өмүргө өзөк, турмушка тутка кылып бекем кармап, сактаган.
Эне Улуулугун жана ыйыктыгын түшүнүп, жайылтып, даңктап, адамзаат көйгөйлөрүн чечип, аны сактап калуу мүмкүнчүлүгү Кыргыз Апалар, Энелер, Келиндер жана Кыздардын колунда болуп калды! Бул Жараткандын буйругун жана ишенимин Жараткандын колдоосуна ээ болгон Улуу Кыргыз Апалар, Энелер, Келиндер, Кыздар гана турмушка ашыра алат!
Ак Бата, Ак Тилек, Ак жол, коштосун, Умай Эне жолгасын!
Жер-эне-эне тил,
Аял-кут, эркек-пир.
(бабалардан калган мурас).
Дастан Сарыгул Ислам уулу