www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү коомдук ишмер жана саясатчы Дастан Сарыгулов 2011-жылы Элдик Курултай тууралуу берген маегинин урунтуу учурларын окурмандарга сунуштайбыз.

--  Баш мыйзамга Элдик Курултайды киргизүү керек деп, бир далай макала жазып, жарыяладыңыз... Бирок, дагы эле Курултайдын ордун, милдетин түшүнө бербегендер арбын. Анда Жогорку Кеңеш жоюлабы? Чарба маселенин баарын Курултай чечеби? Же курултай Жогорку Кеңештин экинчи (үстүнкү) палатасы болуп калабы?

-- Биздин сунуш төмөнкү: өкмөт толук жоюлуп, анын милдети президентке жүктөлөт. Демек, өлкө абалына президент өзү жоопкерчиликти толук алып, милдеттүү болот (20 жыл бою президенттер баарына премьер-министр күнөөлүү деп, өздөрү сүттөн ак болуп көрүнүп, жылына өкмөттү алмаштырып олтурушпадыбы?!); Жогорку Кеңеш 35 адис, тажрыйбалуу кесипкөйлөрдөн турат. Кол тийбестик болбойт. Алар мыйзам чыгаруу иш менен гана алектенет. Аткаруу бийликтин ишине кийлигишпейт. 20 жыл бою эки президент өлкөнү талкалап, сызга отургузууда толук депутаттарга таянып, арам иштерин мыйзамдаштырып, депутаттардын колу менен мамлекетти кыйроо чегине жеткизишти... Кол тийбестикке ээ, эч ким чакыра албаган депутаттардын көпчүлүгү (5-10 адамдан тышкары) президенттерге кошоматтанып, алардын ууру, абийирсиз, ыймансыз, уятсыз иштерин мыйзамдаштырып берип, өздөрү да эл байлыгын абийирсиз уурдап, тоноп, байып, элди теңине албай калышты....

Буга чекит коюуга мезгил келди. Бүгүн да алар эл үчүн, өлкө үчүн, улут үчүн эмес, саясый чайкоочулук менен жеке байлыктарын көбөйтүү менен алек... Кыргызстан эли 120 депутаттын барымтасында калды... Алар өзүн кудайдын эрке балдарындай сезип, баары биригип беш жүз миллионго сатып алган депутаттык мандаттарын 5-10 актап алуунун амалы менен алек...

Эки президенттен кийин кыргыз элине кыянат иш кылгандардын эң көп саны-20 жыл депутат болуп келгендер... Эч бирине жеке катчы, унаа, жардамчы бербей, эл учун кызмат кылдыруу керек! Ал учун Жогорку Кеңешти Элдик Курултайга толук жооптуу кылып, Элдик Курултай алардын ишине баа берип, кимисинин болбосун мандатын алып салууга укуктуу болушу зарыл. Ошондо депутаттар чардап, май-талкандан, ичип-жегенден, уурдап-тоногондон баштары чыкпаган доор бутет! «Ак жол» менен «Алга Кыргызстандын» депутаттары кылган далай иштер акыры 4-апрель кандуу ынкылапка алып келбедиби!; - жылына бир жолу Элдик Курултай президенттин, Жогорку Сот Башкы прокурордун, Эсептөө палата менен Жогорку Кеңештин жоопторун угуп, иштерине «канааттандырылсын» же «канаттандырылбасын» деген баа берет. Президент Жогорку Сотту, Башкы прокурорду, Эсептөө Палатанын жетекчисин Элдик Курултайдын макулдугу менен гана кызматка дайындайт кызматтан четтете алат жана Элдик Курултай бийликтин күнүмдүк иштерине кийлигишүүгө укуксуз болот (антпесе накта башаламандык орун алат), 300 адамдан турган Эл Казнасын түзөт (президент ушул тизмеден гана министр, ж.б. жетекчилерди дайындай алат), турукттуу шартта айлык албайт,ар бир үч жылда 30% курамы алмашып, жаңыланып турат (ротация).

-- Анда Кыргызстанда президенттик бийлик орнотулабы?

-- Жок, эл бийлиги орноп, Элдик Курултайдын катуу тескөө-көзөмөлүнөн чыкпаган күчтүү Президент бийлиги деп мүнөздөсөк болот. Элден төмөн туруп, элдин көзөмөлүнөн чыкпаган бийлик гана элге кызмат кылат.

-- Анда Президентти да Элдик Курултай шайлайбы?

 -- Биздин арабызда мындай пикирди жактагандар бар (бирок, алар кеп эмес). Бул чолок ойлук. Биринчиден, эл менен өлкө тагдырын чечкен адамды ар бир атуул шайлаганга укуктуу болуш керек (бизде, Америкадай, элдин саны 390 млн. эмес, же Россиядай 140 миллион эмес. Болгону, 2 млн. шайлоочу бар). Экинчиден, толук эл шайлаган президенттер 900 же миң адам шайлаган президентти теңине албайт. Үчүнчүдөн, мен сени шайлаган эмесмин, 900-1000 адам гана шайлаган деп, эл президентти толук ыйгарым укуктуу деп тааныбайт. Төртүнчүдөн, бүтүн эл шайлаган Элдик Курултайга тең укуктуу болуш үчүн президентти да бүткүл эл шайлашы зарыл. Бешинчиден, кыргыз элинде эгерим 900-1000 адам эл башчысын шайлаган эмес. Элдик курултайларга 15-25 миң адам катышчу.

-- Эл казнасын түзүп, Элдик Курултай кадрларга жоопкерчиликти алат турбайбы?

-- Туура. 20 жыл бою Президенттер бийик кызматтарга досторун, тааныштарын, ойношторун, бирге окугандарын, туугандарын, балдары, аялдары айткан (керектүү) адамдарын коюп келишти. Элдик казнасы түзүлсө, буга чекит коюлат.

--  Ал эми Жогорку Кеңешти эл шайлайбы, мурдагыдай эле?

-- Жогорку Кеңешти шайлоодо 20 жыл бою ар дайым элге акча, арак, азык-түлүк таратылып, элди коррупцияга көндүрүп, айыл алтыга, үй-бүлө үчкө бөлүнгөнү жалпыга талашсыз маалым. Муну токтотуп, элдин ынтымак-биримдигине доо кетирбей, Жогорку Кеңешке талапкерлер ар бир район элинин таразасынан өтүп, Элдик Курултайда шайланышы элдин бөлүнүп жарылуусуна чекит коет эле.

--  Ал эми Элдик Курултай кандай шайланат?

-- Ар бир үч миң шайлоочу жабык добуш аркылуу Элдик Курултайга бир өкүлдү алты жылга шайлайт. Орус, өзбек ж.б. улуттагылар да шайлоочулардын санына жараша элдик Курултайга өкүл болуп шайланышат. Элдик Курултай мамлекеттик тилде гана ишин алып барат. Бийлик кызматтагылар Элдик Курултайга өкүл болуп шайлана алышпайт (анткени, Элдик Курултай бийликтин ишине баа берет).

-- Элдик Курултай чечим кабыл алууда, албетте мыйзамга таянат да?

-- Бирге ой жүгүртөлүк. Биринчи: Баш мыйзам жана анын негизинде кабыл алынган нечен миң катардагы мыйзамдар - баары батыш үлгүсүндөгү, батыш мыйзамдардын негизинде, алардын көчүрмөсү болуп жазылган үчүн эгемендүүлүктүн 20 жылы эки элдик ыңкылап жана улут аралык жаңжал менен аяктады. Демек, бул мыйзамдар кыргызга ийгилик алып келбейт. Ушул мыйзамдарга таяна берсек-алдыга жылабызбы? Жок.

Экинчи маселе. Мыйзамдар адамды уяттуу, боорукер, абийирдүү, намыстуу, кең пейил кылбайт. Алар, негизинен, адамдардын ач көздүгүнө чек коет жана бийлик күчүн түзөт. Бирок, бүгүн мыйзам күчүн жоготуп, ар өлкөнүн чек арасынан чыгып кеткенде иштебей калып жатбайбы.... Мыйзамды адам ойлоп жаратат. Бабаларыбыз болсо мин жылдар бою сыноодон өтүп, өзүн актап, элди сактап келген түбөлүк рухий ыйман-адеп нарктарына таянып, аларды бекем сактап, жашап келишкен! Бул мурасты унутуп, бүгүн рухий сел саяк болуп жатбайбызбы...

-- Өлкө башкаруу билимди, тажрыйбаны талап кылат эмеспи. Курултайга шайлангандар ушул талапка татыктуу болуп, жооп береби?

-- Өлкө тагдырын ачык талкалап жаткан - эки президенттин саясатын илимий, чыгармачыл, саясий элита токтото алган жок. Негизинен, элет эли чекит койду. Өлкөнү кыйроодон сактаганда - эл керек болуп, Элдик Курултайга келгенде - элге ишеним болбой калабы? 20 жыл бою эки президентти колдоп, өлкөбүздү сызга олтургузуп, элибизди жакырлантып, тентиткен депутат, министр, сот, прокурорлор элдин жакшыларыбы? Ыймандуу, адептүү, мекенчил, таза адамдарбы? Тескерисинче, ыймандуу, адептүү, таза, мекенчил адамдар 20 жыл ичинде жарды, жакыр болушту. Улуттун уюткусун так ушулар сактап келе жатпайбы? Кантип эле бүгүнкү Жогорку Кеңешти мушташкана кылгандардан да начар адамдар Элдик Курултайга шайланышсын?

-- Эл Биримдигинин Курултайы Бишкекте 22-апрелде өттү, Ынтымак Курултайы өтөт деп жарыя кылынды. Курултайлардан эл адашып калган жокпу?

-- Кийинки 20 жыл ичинде өткөн Курултайлардын баары кандайдыр бир саясый максат менен уюштурулган... 22-апрелде өткөн Курултай да 10-15 саясатчылардын упай топтоо максаты, белгилүү министрге колдоо көрсөтүү аракети менен уюштурулду... Элдик Курултай бабаларыбыздын улуу мурасы. Аны ыйык тутушубуз керек! Улуулугу эмнеде? Биринчи, Жалпы элдин мүдөө талабын баарынан бийик коюп, топтун, уруунун кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлүп, өзүмчүлдүктүн баардык түрүн жеңип, кырк уруунун ынтымак-биримдигин ишке ашырып, аны чыңап, келечекке кам көрүп, мекендин улуулугуна баш ийүү! (Бүгүн жердешчилик, тууганчылык, бизнес, саясый партиянын максаты деп бөлүнүүдөн кыргыздын башы чыкпай калбадыбы!!)

Экинчи, Курултайга бардык аймактардын, уруулардын эл шайлаган, элде барктуу, нарктуу, абройлуу, эл жакшылары катышчу. (Бүгүн Бишкектин айланасынан эл шайлабаган колу бош 600-700 адамды чогултуп, аны Улуу Курултай деп атагандан ал улуу да, Курултай да болуп эсептелбейт!)

Үчүнчү, Элдик Курултай бабалардын ыйман-адеп нарктарын, каада-салт, урп-адатын бекем сактоо менен өтчү! (Бүгүн болсо бурмалап, кошоматчылык менен жалган сүйлөп, керектүү бийликтин адамын мактап, жактоо адатка айланды, же бирөөнүн атайын тапшырмасы менен бөлөктү жамандап, куйтучулук кылуу - катардагы көрүнүш болду...) Төртүнчү, накта Элдик Курултайды эл дайыма колдоп, кубаттап, сыйлап, анын чечимдерин толук турмушка ашырып, аткарган!

-- Демек, Бабаларыбыз өткөрүп келген Курултайларга биз жакын жолой албай келе жатат турбайбызбы?

-- Туура. Заты, маңызы, максаты, аруу тилек, асыл ой менен өткөрүлчү Курултайлар баарынан бийик эл мүдөөсүн, калк муктаждыгын, мекендин асылын, улуттун улуу мурасын койгон учун нечен эрлер, нечен шерлер мен-менсингенин тыйып, башы кошулуп, биримдикке келишип, ынтымагын бекемдеген. (Бүгүн болсо, партиянын, байлык-акчанын кызыкчылыгы эл тагдырынан, өлкө келечегинен ойдо болуп кетпедиби!!!).

-- Белгилүү академик "Элдик Курултай - таш дооруна алып барат" деген сөзү жалган турбайбы?

-- Кийинки 20 жыл бою илимий, чыгармачыл, саясый элита (академик, эл жазуучу ж.б.) эки президентке кошомат кылып, аларга элди алдоого жардамдашып, акысына наам, медаль, орден алып, ректор кызматына дайындалып, балдарын кызматтарга коюп, далай мүлк, жерлерди менчиктештирип, май-талкандын үстүндө жашап келатышат... Булар эл алдында эки президент менен күнөөнү тең көтөрүш керек эле...

-- Европа өлкөлөрүндө, Россиянын тарыхында Элдик Курултай башкаруусу эгерим болбоптур...

-- Ырас, алар төрт миң жыл бою рухий, саясый, чарбалык кулдукта жашап келишкен элдер. Илгери эле бөлүнүп, зордук, зомбулук менен башкарылып келишкен, бай-кедейге.

-- Саясый партиялардын коалициялык башкаруусун көрүп жатабыз, ал жөнүндө пикириниз кандай?

-- Партия жаат деп которулат. Жаатташуу бөлүнүп, жарылууга алып келип, эл ынтымагын талкалайт. Бул чет өлкөлүктөрге гана керек (кыргызга кереги жок). Муну Баш мыйзамга киргизген саясатчыны жоопко тартыш керек. Мындай башкаруу түзүлүштөн тез арада баш тартуу зарыл (өткөн жарым жыл убакытта булар ким экенин элибиз толук билип калды го).

-- Эл, эл эле деп олтуруп, сиз элибизди ашкере бийик баалап жаткан жоксузбу? Өлкөнү туңгуюкка түшүргөн президентти да ушул элибиз шайлап келбедиби? 

-- Кыргыз илгери эле айтып келген: "Бийлик - Жаратканда, андан кийин элде" деп. Бул улуу чындык. Ал эми мамлекеттин күчүн толук жумшап, элдин жакырчылыгын, ишенчээктигин, кенен пейилдигин арамзалык менен пайдаланган президенттердин аягы жаман болду го! Демек, элде күнөө жок! Күнөө намысы, уяты, абийири жок ант бузаар президенттерде жана кыргыздын өзүн-өзү башкаруу улуу тажрыйбасы - Элдик Курултай унутта калганында. Бул тарыхый шартка байланыштуу болбодубу. Калың эл Курултайды колдоп жатканы - Кыргыз улуу эл экенинин дагы бир белгиси!

Маек "Арена.kg гезитинин 2011-жылдын 5-майында чыккан санынан алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости