www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов 2003-жылы "Кыргыздын байыркы жана азыркы абалы" аттуу китебин жазган. 

Аталган китепте, кыргыздын байыркы жана азыркы абалы боюнча жетимиш суроого жооп берилген.

Мына ошол Сарыгуловдун "Кыргыздын байыркы жана азыркы абалы" аттуу китебинен алынган үзүндүлөрдү назарыңыздарга сунуштайбыз:

- Боордош казак менен кыргыз элинин жакындыгы жөнүндө тарыхый маалыматтар эмне дейт?

Жооп: XIX кылымдын белгилүү изилдөөчүсү Н.А.Аристов минтип жазат: «До XII столетия не было различия между киргиз-казаками и кыргызами, а были просто киргизы; после эпохи монгольских завоеваний оставшиеся свободными и независимыми сохранили свое старое имя кыргызов, подвластные же Чингизидам приобрели более мягкий язык: менее грубые нравы и свое имя кыргыз переменили на имя казак. Первобытные земли кыргызов суть земли, занимаемые ныне Средней ордой киргиз-казаков. Черные кыргызы переселились в ныне занимаемые места, по-видимому, не ранее ХVI столетия, но их первоначальное место обитания, их отечество, есть страна около Зайсан-нора и верхнего Иртыша...» 

Аттокуров минтип жазат (56-бетте) «Казак элинин белгилүү акыны, санжырачы Ш.Кудайберди улы өзүнүн «Сежире» деген китебинде «Биз түбү кыргызбыз» деген моюнга алуусун келтирүү ашыктык болбос» - деп.

- Кыргыздар Азия элдеринин эң байыркыларынын бири болсо, бул маалымат эмне үчүн кеңири чагылдырылбайт?

- Маселен, «История кыргызов и Кыргызстана» аттуу жогорку окуу жайларына арналган окуу китебинде (Бишкек, Илим, 1995-ж. Жооптуу редактор академик Т.Койчуев) минтип жазылган (25 бети): «...этноним «кыргыз» является самым древним названием из всех ныне существующих народов тюркского происхождения. Такие самоназвания народов, как узбек, уйгур, казах, туркмен, татар, башкир и другие, появились значительно позже. Минтип жазылганы менен, бул маалымат кеңири журтчулукка таркатылбаганы, албетте, өкүндүрбөй койбоөт. Мүмкүн, бул кандайдыр бир денгээлде, саясый кырдаалга байланыштуу болуп жатат окшойт... Суроо: Дегеле кыргыздар жөнүндө маалыматтар канчалык чындыкка шайкеш келет? Кантип далилдесек болот? Эмне байыркы эл экенибизди 80% кыргыз билбей келген?

- Байыркы бабаларыбыз улуу сапаттары: намыскөйлүгү, эрдиги, көк жалдыгы, жоокерлиги, ыймандуулугу, акылмандыгы, биримдиги ж.б. менен узун тарых жолунда биз сыймыктанчу из калтырып, байыркы элдердин жазма булактарында кеңири чагылдырылган экен. Маселен, Н.А.Аристов өз китебинин аягына кыргыздар жөнүндө пайдаланган 372 жазма булактардын тизмесин берет. (555, 556, 557, 558, 559, 560, 561, 562, 563, 564, 565, 566, 567, 568 беттерине аран баткан тизме!). С.М.Абрамзон (1905-1977), «Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер» аттуу жыйнагында (Бишкек, «Кыргызстан-Сорос», 1999-ж. 896-бет), пайдаланган 1730 жазма булактарынын тизмеси 87-бетти алган!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости