www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай коркунуч же чакырык эмес, эл аралык коомчулуктун бардык өлкөлөрүнүн өнөктөшү. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбинь билдирди. Аталган маалыматты NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги тастыктады.

"Кытай - чакырык же коркунуч эмес, өнөктөш жана бардык өлкөлөр үчүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоочу. Биз АКШны "нөл суммадагы" менталитеттен баш тартып, заман менен кадам таштоого үндөйбүз. Эскирген "Кытай коркунучу теориясын" көбүртүп-жабыртуунун ордуна келечексиз “тар чөйрөлөрдү” түзүү менен АКШ ачыктыкка, инклюзивдүүлүккө жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген жаңы концепция түзүп, эл аралык тынчтыкты жана өнүгүүнү илгерилетүү үчүн практикалык аракеттерди көрүшү керек”, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Эске салсак, АКШнын президенти Джо Байден менен Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Риши Сунак телефон аркылуу сүйлөшүүдө Кытайдан келген чакырыктарга жооп берүү үчүн кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости