www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициялык саясатчылар менен жарандык актвисттерди камакка алуу жана деги эле Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо – Москванын Украинага каршы жүргүзүп жаткан атайын аскерий операциясына окшош. Ал операцияны согуш деп атоого тыюу салынган, Кемпир-Абаддын айланасындагы чек араны тактоону дагы жерди Өзбекстанга берүү деп айтпаш керек.

Башкача ойлогон же бийликтин аракеттерин сындагандар – куралдуу күчтөрдү же мамлекетти жаманатты кылып жатат деп күнөөлөнөт. Алдын ала кабыл алынган мыйзамдар боюнча болсо, бийликке баш ийбеген маалымат каражаттарын соттун чечимисиз эле жаап салса болот, бийликке баш ийгендер болсо элдин акыл-эсин пропаганда менен үтүктөп жатат.

Орусия менен Кыргызстан бийлиги көптөн бери эле окшош аракеттенип келет, бирок жакын арада өтө чоң ажырым пайда болушу мүмкүн. Тажикстан менен согуштан тышкары, Кыргызстанга акыркы апталарда абдан көп орусиялык жаран келе баштады жана кимдир бирөө аларга жаман көз менен карап койсо, орус тилдүүлөрдүн укуктары бузулуп жатат деген уюмдар пайда болушу ыктымал жана ошондо чыныгы маселелер чыгат.

Последние новости