www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Ысык-Көлдүн милициясында ачык эшиктер күнү өтүүдө

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүн майрамдоо алдында, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Каракол шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Ачык эшик» иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты болуп, ички иштер органдарынын кызматын даӊазалоо, милиция кызматынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу жана милиционерлердин иши жөнүндө так кабарды берүү, ошондой эле ички иштер министрлигинин окуу жайлары боюнча маалыматтарды таратуу болду.

Шаардагы орто билим берүүчү мектептердин 100гө жакын окуучусу туристтик-экологиялык милициянын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун, коомдук коопсуздук кызматынын, ыкчам жана тергөө кызматтарынын кызматкерлери менен таанышып, алар балдарга милициядагы кызматтын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Укук бузуучуларды жана кылмышкерлерди кармоо үчүн милиция кызматкерлери колдонгон күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын көрсөтүү окуучулар арасында чоң кызыгууну жаратты.

Атайын багыттагы отряддын жоокерлери мектеп окуучуларына милициянын куралдануусунда турган курал-жарактарды, атайын каражаттарды, шаймандардын жана буюмдарын көрсөтүп беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости