www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Исхак Масалиев Кумтөр кенинен казылган алтындын сатылышын иликтей турган убактылуу депутаттык комиссияны жетектейт.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-октябрдагы жыйынында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казылышы менен сатылышын иликтей турган депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндөгү токтом долбоору жактырылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 59 эл өкүлү "макул" болду.

Белгилей кетсек, убактылуу депутаттык комиссия “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтейт. Аталган комиссиянын төрагасы – Исхак Масалиев, анын үч орун басары – Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу жана Нилуфар Алимжанова болду. Комиссияда азыркы учурда 20 мүчө бар экени айтылды.

Буга чейин курамга 13 эл өкүлү киргени маалым болгон.

Эскерте кетсек, “Азаттыкта” Кыргызстан 19 тонна алтынды белгисиз өлкөгө сатканы тууралуу материал жарыяланган. Анда өткөн жылы казылган алтындын 70 пайыздан ашыгы кайсы өлкөгө экспорттолгону белгисиз экендиги жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости